«Бөлүштүрүүчү тармактардын мыкты бригадасы » аталышындагы республикалык мелдеш
Бүгүн, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында «Бөлүштүрүүчү тармактардын мыкты бригадасы » аталышындагы республикалык мелдеш старт алды. Мелдешке «Жалалабатэлектро» ААК, «Северэлектро» ААК, «Ошэлектро» ААК, «Востокэлектро» ачык акционердик коомдорунун кызматкерлери катышышат. Катышуучулар жалпы 8 этап боюнча күч сынашат. Ачылуу аземине Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы ачык акционердик коомунун төрагасы Айтмамат Назаров, Өкмөттүн Ысык-көл облусунда ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жана электр тармактарынын бардык жетекчилери катышышты. Салтанаттуу жыйынды ачкан Айтмамат Назаров татыктуу, күчтүү команда женишке ээ болушуна тилектештигин билдирди. Төрт компаниянын энергетиктери томондогу 8 этапта оздорунун мумкунчулукторун корсотушот. 1. ТЭЭ, ТКО, ОКЭ жана нормативдик-техникалык документтер боюнча «Акоп-Эксперт» программасын пайдаланып билимин текшерүү 2. а) Шарттуу түрдө ГКТП-10/0,4 кВде электр тогуна түшкөн адамды (манекенди) бошотуу б) «Максим-3» манекен-тренажорду пайдаланып жабыркаган адамга дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү 3. Гидроподъемникти пайдаланып турак-жайды 0,4 кВ аба чубалгысына алгачкы жолу улоо 4. Гидроподъемникти пайдаланып 10 кВ ажыраткачын техникалык жактан тейлөө. Корзинанын макетин жерде пайдаланып жумуш аткаруу. 5. ТП -10 /0,4 кВ башкы 0,4 кВ ажыраткычын алмаштыруу, шинадагы изоляциянын каршылыгын өлчөө 6. 0,4 кВ тармагындагы «Фаза-Нөль» тутумундагы фазалык чукулаштыруу каршылыкты өлчөө 7. 10 кВ аба чубалгысы менен кесилишкен, 0,4 кВ аба чубалгысында ачык зымды алмаштыруу, аба чубалгысынын өлчөмүн ченөө. 8. КТП-10/0,4 кВдагы өрттү өчүрүү Бул мелдеш аркылуу кызматкерлер тажрыйбаларын арттыруу, ыкчам аракеттерин күчөтүү жана ишке болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Уюштуруу жумуштары жогорку денгээлде жүргөн. Полигон бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, катышуучуларга бардык шарттар жаратылган. Мелдеш 14-июнь күнү жыйынтыкталат
Количество комментариев: 0
Опубликовано 11 Jun 2019 by

Powered by