Нарынский филиал ОАО "Востокэлектро"

     

.


Будни


Кышка жайда камылга кылалы",-деп элибизде айтылгандай, "Чыгышэлектр" ААК Нарындагы филиалында электр жабдууларын 2010/2011-кыш-күз мезгилдерине даярдоолор жаз,жай,күз айларында тынымсыз жүргүзүлдү. Ишкана тарабынан 35-10(6)-0,4 кВ электр тармактарын жалпы ремонттон өткөрүү, ошондой эле кардарларга берилген электр энергиясын өндүрүү иштери талапка ылайык алынып барылды десек болот. 2010- жылда "Чыгышэлектр" ААК НФ боюнча 12 даана 35/10 кВ трансформатордук подстанциялар, 128,55км 35кВ электр линиясы, 645,05км 10-0,4кВ электр линиясы ,532 даана 10/0,4кВ трансформатордук подстанциялары накталап оңдоодон өткөрүлдү. Электр жүктөлүшүнүн эсебинен күйүп кеткен 66 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформаторлор "трансформаторлорду оңдоо цехинен" оңдолуп, кайрадан иштетүүгө берилди. Бөлүштүрүү тармагында иштеп турган электр жабдууларынын дээрлик көпчүлүгү 40-50 жылдан ашуун убакыт иштеп тургандыктан,эксплуатация мөөнөтү бүтүп, кайрадан алмаштырууга жатат. Бирок, алмаштырууга мүмкүн болгон каражаттын жоктугунан, аларды үзгүлтүксүз иштетүү үчүн энергетиктердин талбаган, тынымсыз эмгектери талап кылынат. Жыл бою электр жабдуулардын ар бирине ай сайын кыдырып кароо иштерин жүргүзүп, эскирген электр жабдууларын көздун карегиндей сактап ,ремонттук иштерди өз убагында жүргүзүүнүн эсебинен системалык бүлүнүүдөн өчүрүүлөр токтотулуп, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. 2010-жылда область боюнча (Тогуз-Торо районун кошкондо) 525 млн.823 мин кВт саат электр энергиясы факт түрүндө пайдаланылды, б.а. электр энергиясы үчүн 553 млн.167мин кВт саат лимит бекитилсе, белгиленген лимиттен 27 млн.343 мин кВт саат үнөмдөлдү. Кабыл алынган электр энергиясынын жалпы көрөмдөр 154,3 млн кВт саатты (28,16%) түзөт, мунун ичинен техникалык көрөмдөр 89,3 млн. кВт саат (16,3%), ал эми коммерциялык коромдор 64,9 млн.кВт саатты (11,86%) түзгөн. Мүнүн өзу 11,86% электр энергиясы кардарлар тарабынан уурдалып пайдаланылган дегенди билгизет. 01.01.2011-жылга карата пайдаланылган электр энергиясы үчүн жалпы область боюнча карызы 183 млн.200 мин сомду түзөт, мунун ичинен элдин карызы 109 млн. 559 мин сом. Жогорудагы суммадагы электр энергиясына болгон карыздар оңбогондуктун эсебинен, мекемебизде финансылык-оор акыбал түзүлүп келүүдө. Нарын областы боюнча кардарлардын энергияга болгон карыздарды төлөө жөндөмдүүлүгү начар. Отун, газ менен элибиз аз камсыз болгондуктан, электр энергиясы тамак бышыруу, жарыкчылык үчүн эле эмес уй жылытууга да толук пайдаланылууда.Ошону менен бирге эле электр энергиясы жалпы элибиз үчүн бекер сыяктуу түшүнүктө калып келет. Электр энергиясын аёосуз уурдап пайдалангандар көп. Эгерде электр энергиясынын акысы өз убагында өндүрүлсө, жаңы электр жабдуулар,запастык материалдар алынып, электр тармактын абалы жакшырмак эле. Ал эми ушундай эле электр энергиясын пайдаланып, анын акысын төлөбөй жана уурдап жагуулар күчөй берсе, электр жабдууларынын системалык иштен чыгуу коркунучу күтүлмөкчү. Электр энергиясынын көрөмүн азайтуу боюнча түзүлгөн проектинин негизинде Швецариялык гранттын эсебинен Нарын шаарында эң чон жумуш жасалды. Былтыркы жылы 5,3 км узундуктагы "Нарын-1" - "Нарын-2" "Нарын-1" - "ЖБИ" 35 кВ электр линиясы , Москва чөлкөмүндө 35/20 кВ "Зермат" подстанциясы курулуп бүтүп, 2010-жылдын 22-декабрында (Энергетиктер кунундө) ишке берилди. 4.6 км аралыктагы жерге 20 кВ чыңалуудагы кабельдик линия жана 1000 кВа кубаттуулуктагы 7 даана трансформатордук подстанциялар (ГКГП) ишкананын өздүк күчү менен курулуп, ишке киргизилди. Шаардын ар кайсы участокторунда 39 даана 10/0,4 кВ ТПгы күчтүк трансформаторлору жаңы жана кубаттууларына алмашылды. Ат-Башы районунда "Карл Маркс, Ала-Тоо" 35 кВ электр линиясынын 9 зымтирегин суу алып кеткендигине байланыштуу реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, бүткөрүлдү. Ушул гранттын негизинде келген электр зымынын эсебинен "Чыгышэлектр" ААКнун Нарындагы филиалынын бардык ЭТРлеринде 69,4 км 10 кВ электр линиялары жогорку кесилиштеги зымдарга алмаштыруу пландаштырылган, бугунку кундө райондук электр тармактарында "51,78 км" 10 кВ электр линиялары жогорку кесилиштеги зымдарга алмаштырылды. Жогорудагы көрсөтулгөн кыйынчылыктарга карабастан, "Чыгышэлектр" ААК Нарындагы филиалында 2010/2011-жылдагы кыш мезгилинде кардарларды электр энергиясы менен узгултуксуз камсыз кылуу учун жалпы эмгек жааматы талбай эмгектенуудө.

 

 



Полный текст


Биография

:
:
:


Нарын